БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Бир катар электрондук коммерциялык аянтчаларда Кыргызстандын мамлекеттик желеги тартылган килемче, ванна жана ажаткана каражаты сатыкка чыгарылды.
Орунсуз жерге КРдин мамлекеттик символикасы камтылган жарнаманы Sputnik Кыргызстан редакциясына окурмандар жиберди. Алар популярдуу америкалык интернет дүкөндөрдүн жана соода тармактардын сайттарына жайгаштырылган. Жарнамада сатуучулар Кыргызстандын мамлекеттик туусунун сүрөтү тартылган ажаткана, ванна каражаттарынын үч аксессуар топтомун сунуш кылышууда.
Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги окуя боюнча үн катып, жосунсуз жорук экенин белгиледи.
"Бизде желектер тартылган футболкаларды, баш кийимдерди кийишет, айрымдар кийимдин ар кайсы бөлүктөрүнө символ коюшат. Бирок бул сатуучулар сунуштаган нерсе моралдык жактан туура эмес деп ойлойм", — дейт министр Азамат Жаманкулов.
Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 175-беренесине ("Мамлекеттик символдорду мазактоо") ылайык, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербин, мамлекеттик туусун же мамлекеттик гимнин мазактоо, I категориядагы айып пул (20-30 миң сом) же болбосо II категориядагы коомдук жумуштарга (40-60 саат) тартуу түрүндөгү жазага алып келери айтылат.
Электрондук коммерциялык аянтчаларда башка мамлекеттердин да желек, туусу сатыкта турат.
Катуу шамалдан улам "Ала-Тоо" аянтындагы желек тытылып кетти. Сүрөт
Эске салсак, 2019-жылы Бишкекте пенсиядагы айым компаниялардын биринин жанындагы аймакты тазалап жатканда желектин сүрөтүн ленталарга салып, аларды автоунаа токтоочу жайдын тосмосу катары кызмат кылган кабель менен байлап койгону үчүн айыптаган.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. УКМК мамлекеттик кызматтан жетекчилик орун убада кылып, пара алып жаткан шектүүнү колго түшүрдү. Бул тууралуу атайын кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.
Шектүү башкаларды президентке жана УКМК башчысына жакын киши экенин айтып ишендирген.
“Кармалган адам президент жана УКМК башчысы менен жакын тааныштыгы бар экенин айтып, А.Б.А. аттуу жаранды 15 миң долларга мамлекеттик кызматтагы жетекчи орунга дайындоону убада кылган. Бул үчүн андан алдын ала 1 000 доллар аванс алган”, — деп айтылат билдирүүдө.
Бул факты боюнча Кылмыш кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") менен иш козголду.
УКМК ушундай көрүнүшкө туш келгендерди же күбө болгондорду (0312) 66-00-20 жана (0312) 66-04-75 телефон номерлери аркылуу билдирүүнү өтүнөт.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстандын канайымы Айгүл Жапарова “Үмүт — Надежда” реабилитациялык борборуна барды. Анын борборго баргандагы сүрөтү “Тумар” бийчилер тобунун Instagram баракчасына чыккан.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Анда Жапарова мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белек-бечкек бергени айтылат.
Айгүл Жапарова акыркы жолу жолдошунун инаугурациясында коомчулук алдына чыккан.
Канайым тууралуу кенен маалыматты Sputnik топтогон фактылардан окусаңыз болот.