Бишкектин 11-кичи районундагы быкшыган түтүн токтой элек. Видео

© Фото / Михаил ДудинБишкек шаарындагы 11-кичи районундагы таштанды карьери
Бишкек шаарындагы 11-кичи районундагы таштанды карьери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин калаанын түштүк тарабындагы кичи райондордун тургундары карьердин аймагында топурактын астында калган таштандылар күйүп, түтүн каптап жатканын айтып арызданышкан.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын 11-кичи районундагы таштанды карьеринин быкшыган түтүнү токтой элек. Анын видеосун шаар тургуну Михаил Дудин Facebook баракчасына жүктөдү.

Буга чейин 5-августта мэриядан таштандылар казылып, түтүн чыгып жаткан жерге муниципалдык кызматтар дароо барып өчүргөнүн айтып, ага "Тазалык" муниципалдык ишканасынын суу ташыган автоунаасы тартылгандыгын кабарлаган.

Мэрия: Бишкектеги 11-кичи райондун карьеринде күйгөн таштандылар өчүрүлдү

Дудин өзүнүн видеосунун алдына акын Корней Чуковскийдин ийгиликсиз өрт өчүрүү жөнүндө жазылган "Путаница" ырын жазып, комментарийде от өчүрүлбөгөндүгүн айткан.

Ал эми Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова эгер таштанды кайра түтөп баштаса, аны өчүрүү иштери улантыла тургандыгын билдирди.

"Шаар тургундары ал жерге таштанды ыргытпашы үчүн тегерегин казып салдык", — деди ал.

Буга чейин калаанын түштүк тарабындагы кичи райондордун тургундары карьердин аймагында топурактын астында калган таштандылар күйүп, түтүн каптап жатканын айтып арызданышкан. Түтүн шаардыктарды уулантып жатат деп даттангандар болгон. Ал эми мэрия күнөөлүүлөрдү табууну убадалаган.

Шаардыктардын айтымында, карьерге 2018-жылы топурак төгүлчү, ал эми өткөн жылдын жайынан бери таштанды ыргытыла баштаган. 2020-жылдын жазынан тарта таштандыларды тобу менен алып келип төгө башташкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0