Сексолог төшөк мамилесин арттырууга жардамчы болгон азыктарды санап берди

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүМоллюскалар. Архив
Моллюскалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сунушталган азыктарды байма-бай жегенде гана жыйынтыгын берери айтылат. Алар биринчи кезекте эркектеги эң маанилүү делген гормон тестостерондун иштелип чыгышын камсыздайт.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Жыныстык каалоону медициналык каражаттарсыз эле күчөтүүгө жардам бере турчу азыктар тизмектелди. Бул тууралуу "Известия" басылмасы сексолог Алия Королевага шилтеме берип жазды.

Анын айтымында, сунушталган азыктарды байма-бай жегенде гана жыйынтыгын бере алат.

"Үлүл (моллюска) менен тооктун жумурткасы төшөк мамилесине көбүрөөк умтулууга көмөк көрсөтөт. Себеби алар цинк затына бай. Ал тестостерондун иштеп чыгышын шарттайт. Өз кезегинде тестостерон эркектеги эң маанилүү гормон", — деген адис.

Эркекке аба менен суудай керек тестостерон. Гормон тууралуу эмне билүү керек

Ушундай эле касиетке жаңгак, кокос жана зайтун майы ээ экендиги белгиленет. Мындан сырткары, тамакка ачуу калемпир менен ушул өңдүү татымалдарды кошуп жесе сексуалдык каалоо жакшырат.

"Булар организмде канды жакшы айлантып, тиешелүү жерлерге кандын толук барышын камсыздайт", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми аялдын сексуалдык жашоосуна женьшень оң таасирин тийгизерин адис кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0