Ошто көбүрөөк. Бир суткада коронавирусту 17 медик жуктурду

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкерлер. Архив
Медициналык кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан алганда Кыргызстанда коронавирус 2 928 медицина кызматкеринен табылса, анын 2 025и айыгып чыкты. Каза болгондордун саны 70тен көп.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 17 медицина кызматкеринин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетин илештирип алган медиктер:

  • Ош шаары — 5;
  • Ош облусу — 4;
  • Жалал-Абад облусу — 2;
  • Баткен облусу — 3;
  • Ысык-Көл облусу — 3.

Ошол эле учурда жети медик коронавирустан айыгып, ооруканалардан чыгарылган. Мындан сырткары, үй карантининен 45 ак халатчан сакайганы маалым болду.

COVID: Кыргызстанда дагы 503 киши ооруну жуктуруп алды

Жалпысынан алганда Кыргызстанда коронавирус 2 928 медицина кызматкеринен табылса, анын 2 025и айыгып чыкты. Каза болгондордун саны 70тен ашык.

Жаңылыктар түрмөгү
0