Пневмониядан айыккандан кийин өпкөнү өзүнө кантип келтирүү керек? Адистин кеңеши

© AFP / MIGUEL SCHINCARIOLМедициналык кызматкер бейтап менен физиотерапевтик дарылоо учурунда. Архив
Медициналык кызматкер бейтап менен физиотерапевтик дарылоо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дем алуу көнүгүүлөрүн желдетилген бөлмөдө, чапташпаган кийим менен тамактанып бүткөндөн 2 сааттан соң жасоо шарт.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Пневмониядан айыккандан кийин оорунун кесепеттерин жоюу үчүн дем алуу көнүгүүлөрүн жасоо керек. Бул тууралуу медициналык кеп-кеңеш берүү кызматы жана спорттук медицина борборунун инструктору Светлана Курбанованын айтымына таянып Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Адис белгилегендей, коронавирустун өтүшүп кеткен формасы менен ооруп айыккан адам сөзсүз дем алуу көнүгүүлөрүн жасашы керек. Ал ден соолукту бекемдөөгө жардам берет.

"Дем алуу көнүгүүлөрүн туура жасоо менен адам өпкөсүнүн булчуңдарын бекемдеп, дем алуу органдарынын иштөөсүн жөнгө салат. Ошондой эле иммунитети да көтөрүлөт", — деди Курбанова.

Адистин айтымында,  мындай көнүгүүлөр адамдын демигүүсүн токтотуп, өпкөдө туруп калган какырыкты чыгарып, жеңил дем алууга көмөк көрсөтөт.

Дем алуу органдардын көнүгүүлөрүн төмөнкү  шартта жасоо керек:

  • желдетилген бөлмөдө;
  • чапташпаган кийимде;
  • тамактангандан 2 сааттан кийин;
  • жай жана орто кыймылда күнүнө 3 жолу 10 мүнөттөн аткарган оң.
"Оорудан сакайган адам, алдыга эки кадам таштаганда демди ичине тартып, кайра төрт кадам аттаган убакта, ичтеги демди сыртка чыгарган туура", — деди адис.

Курбанова көнүгүүлөрдөн кийин таза абага сейилдөөгө чыкса болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0