Бишкек мэриясы калаадагы мыкты мектептерди атады

© Sputnik / Табылды КадырбековШаардык мектептеги тест учурунда. Архив
Шаардык мектептеги тест учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тизмеге 26 орто мектеп кирди. Аларды башкалардын арасынан сууруп чыгуу үчүн бир нече талаптар эске алынды.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Бишкек мэриясы борбор калаадагы эң мыкты мектептерди санап берди.

Билим берүү башкармалыгы мектептерге бир нече талапка ылайык баа берген. Мисалы, алтын сертификаттар, өзгөчө үлгүдөгү аттестаттардын саны, райондук, шаардык жана республикалык олимпиадалардын жыйынтыгы эске алынды. Ошондой эле "Алтын тамга" тестине катышкан бүтүрүүчүлөр жетишкен ийгиликтер жана республикалык сынактардагы активдүүлүк каралды.

1-класстар мектепке күн алыс барып окушу мүмкүн. Элмира Иманалиева менен маек

  • № 61;
  • № 9;
  • № 13;
  • № 6;
  • № 70;
  • № 12;
  • № 69;
  • № 67;
  • № 24;
  • № 33;
  • № 68;
  • № 84;
  • № 26;
  • № 23;
  • № 31;
  • № 65;
  • № 29;
  • № 37;
  • № 20;
  • № 63;
  • № 17;
  • № 47;
  • № 74;
  • № 62;
  • № 56;
  • № 88.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, шаарда 139 орто мектеп бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0