Кыргызстанда кечээ коронавирустан 517 адам айыкты

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө күн сайын илдет жуктургандарга караганда сакайгандардын саны көбүрөөк болуп жатат. Стационарларда дагы бош орундар мурдагыдан көбүрөөк.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Өткөн суткада өлкө боюнча 517 адам коронавирустан айыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде маалымдады.

Аймактар боюнча ала келгенде төмөнкүдөй:

  • Бишкек – 142;
  • Чүй облусу – 53;
  • Ош облусу – 87;
  • Талас облусу – 24;
  • Нарын облусу – 19;
  • Ысык-Көл облусу – 50;
  • Жалал-Абад облусу – 48;
  • Баткен облусу – 45;
  • Ош шаары – 49.

Жалпы өлкө боюнча 31 281 киши ооруну жеңди.

Жаңылыктар түрмөгү
0