COVID-19 оорусу акыркы суткада 425 кишиден аныкталды

© REUTERS / LINDSEY WASSONКоронавируска анализ жасоо үчүн үлгү алып жаткан медицина кызматкери. Архив
Коронавируска анализ жасоо үчүн үлгү алып жаткан медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус жана ал козгогон пневмония марттан бери 39 миңден ашык адамдан аныкталды. Соңку кездери күнүнө кеминде 400-500 кишиден чыгууда.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Өлкөдө бир суткада 425 бейтапта коронавирус инфекциясы табылганын Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Акыркы суткада коронавирус жана ал козгогон пневмония төмөнкү жактарда катталган:

  • Бишкек шаарында — 124;
  • Ош шаарында — 31;
  • Чүй облусунда — 36;
  • Ош облусунда — 47;
  • Талас облусунда — 7;
  • Нарын облусунда — 16;
  • Ысык-Көл облусунда — 41;
  • Жалал-Абад облусунда — 78;
  • Баткен облусунда — 45.

Марттан бери Кыргызстанда вирус жуктургандардын саны 39 587ге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0