Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 9 киши каза тапты

© Sputnik / Кирилл Шипицин / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы күндөрү коронавирустан каза болгондордун саны акырындык менен азайып келатат. Бирок бийлик вирус дагы деле кооптуу экенин айтууда.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Акыркы сутка ичинде Кыргызстан боюнча коронавирустан тогуз адам каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары, пневмонияны эсепке алганда төмөнкүдөй:

  • Бишкек – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 1;
  • Ош облусу – 1;
  • Баткен облусу – 2;
  • Нарын облусу – 1.

Тилекке каршы, каза болгондордун жалпы саны 1460ка жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0