Россияга Кыргызстандан жөнөтүлгөн вирустар изилденип бүттү. Күтүүсүз жыйынтык

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө аймагындагы COVID-19ду изилдөө максатында эми Германияга дагы 100 бейтаптын лабораториялык үлгүлөрү жиберилет.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кыргызстандын аймагындагы SARS-CoV2 жаңы инфекциясынын кайдан келгенин билүү үчүн Россиянын "Вектор" вирусология жана биотехнология борборуна жөнөтүлгөн үлгүлөр иликтенип бүттү. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Россияга 20 үлгү жөнөтүлгөн.

"Семетейде" лаборатория уюштуруу боюнча даярдык башталды

"Алардын үчөөсүнүн цитопотогендик аракеттери жогору экендиги аныкталган. Кеңири изилдөөгө алганда ал инфекциялар башка мамлекеттерден келип, Кыргызстанда эволюция болгондугу белгилүү болду. Салыштарганда биринчи үлгү Россия менен Швецияда, экинчи үлгү Америка Кошмо Штаттарында, Бириккен Араб Эмираттарында, үчүнчүсү Оманда кезиккен жана окшоштуктар байкалган", — деди Акматова.

Россия COVID-19га каршы вакцинаны ноябрда өндүрө баштайт

Ал ошондой эле өлкө аймагындагы COVID-19ду изилдөө максатында Германияга дагы 100 лабораториялык үлгү жибериле тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0