Кыргызстандагы жырылып кетүү коркунучу бар көлдөр изилдене баштады

© Фото / пресс-служба МЧС КРТоо арасындагы көл. Архив
Тоо арасындагы көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистердин айтымы боюнча, быйыл көлдөрдө суунун деңгээли былтыркыга салыштырмалуу төмөнүрөөк. Демек, жырылып кетүү коркунучу аз.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Чүй жана Ош облусу боюнча жырылып кетүү коркунучу бар көлдөргө изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бийик тоолордогу көлдөрдүн жырылып кетүү коркунучун алдын алуу үчүн уюштурулган изилдөө 4-августта башталды.

Кыргызстандын мынчалык кооздугун билдиңиз беле? Чет элдик тарткан керемет видео

“Бүгүнкү күндө Чүй облусунун Сокулук району боюнча төрт көл, Панфилов району боюнча үч көл жана Ош облусунун Ноокат району боюнча беш көл изилденди”, — деп жазылат билдирүүдө.

Алардын жыйынтыгы боюнча, быйыл көлдөрдө суунун деңгээли былтыркыга салыштырмалуу төмөнүрөөк. Демек, жырылып кетүү коркунучу аз.

Жаңылыктар түрмөгү
0