БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы Ливандын борбору Бейруттагы жарылуудан жана каршылык акциясына чыгып жабыркагандар арасында КР жарандары бар-жогун тактады.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, Бейрутта жабыркагандар арасында кыргыз жарандары жок", — дешти министрликтен.
Эске салсак, 4-августта Ливандын борбору Бейрут шаарында катуу жарылуу болуп, 150дөн ашык адам көз жумса, алты миңден көбү жабыркаган.
Андан көп өтпөй 8-август, ишемби күнү, миңдеген адамдар өкмөттүн кетишин жана реформаны талап кылып митингге чыгышкан. Тилекке каршы, ал массалык башаламандыкка айланып, митингчилер өкмөттүн бир нече имаратын басып алган. ИИМ билдиргендей, кагылышуудан бир укук коргоо кызматкери каза болгон. Ошондой эле 700дөн ашык адам жабыркаган.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Шаршембиде күндүз өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +19…+24, Талас жергесинде +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +20…+25, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +14…+19 градус жылуу болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбордо +19…+24, Ош шаарында +23…+25 градус болору болжолдонду.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Абхазиянын номери тагылган унаалар бажы көзөмөл аймагындагы убактылуу сактоочу кампага киргизилет. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинен кабарлашты.
Ведомстводон билдиришкендей, Кыргызстандын аймагына Абхазиянын номери тагылган унааларды алып кирүү жана эксплуатацияга берүү мыйзам бузууга жатат.
"Чет элдик жарандар ЕАЭБдин аймагына үчүнчү өлкөлөрдүн жеке колдонуусу үчүн унаасын ала келсе болот. Бирок андай машинаны КРдин аймагында колдонууга бир жыл гана убакыт берилет", — дешти министрликтен.
Киргизилген унааларды ЕАЭБдин аймагында үчүнчү тараптарга сатууга жол берилбейт. Декларант анын атына жазылган унааны өзү гана айдашы керек.
Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын аймагынан бажычылар Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте Абхазиянын номерлерин тагып жүргөн 10 автоунааны кармаган.