Кыргызстанда 407 бейтап ооруну жеңип, үйүнө чыкты

© Sputnik / Мурад Оруджев / Медиабанкка өтүүОорукана палатасы. Архив
Оорукана палатасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө боюнча коронавируска кабылып, андан сакайгандардын саны 32 миңден ашты. Бейтаптардын кайталап алынган анализдери таза чыккан.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Өлкөдө соңку суткада коронавирус инфекциясынан 407 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

  • Бишкекте — 51;
  • Ош шаарында — 91;
  • Чүй облусунда — 27;
  • Ош облусунда — 67;
  • Талас облусунда — 18;
  • Нарын облусунда — 9;
  • Ысык-Көл облусунда — 37;
  • Жалал-Абад облусунда — 66;
  • Баткен облусунда — 41.

Сырттан келгендер үчүн алгоритм өзгөрдү. Эмне талап кылынбайт?

Кыргызстанда коронавируска чалдыгып, андан айыгып чыккандардын саны бүгүнкү күндө 32 229 адамга жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0