Баткен облусунда коомдук транспорт жүрө баштады

Жазылуу
Баткен облусунда учурдагы кырдаал, бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана талаптарды сактоо менен жандандырууга уруксат берилген.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Баткен облусунда район, шаар аралык коомдук транспорттун ишмердүүлүгүнө уруксат берилди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

"Баткен облусунда учурдагы кырдаал талап кылган бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана талаптарды сактоо менен жандандырууга уруксат берилди. Мындай чечим коронавирус менен күрөшүү боюнча облустук штабда кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек: соода жана тамактануу жайлары, транспорт жаңы тартипте иштөөгө өтөт

Автотранспорт агенттигинин жетекчилигине коомдук транспорттордо санитардык норманы сактоо боюнча айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, автотранспортторду дезинфекциялоо, алардын ишине такай рейддерди жүргүзүп туруу тапшырмалары коюлду.

Азырынча облустар аралык коомдук транспорттун каттоосуна уруксат бериле элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0