Бишкек шаарынын казысы болуп Замир Ракиев дайындалды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын казысы болуп дайындалган Замир Ракиев. Архив
Бишкек шаарынын казысы болуп дайындалган Замир Ракиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин буйругу менен дайындалган шаардын жаңы казысы бүгүн казыяттын жамаатына тааныштырылды.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын казысы болуп Замир каары Ракиев дайындалды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин буйругу менен дайындалган шаардын казысы бүгүн жамаатка тааныштырылды.

"Муфтий Бишкек шаардык казыятынын жалпы эмгек жамааты менен жолугуп, казыяттын ишмердүүлүгү жоопкерчиликтүү экендигин баса белгилеп, жаңы дайындалган Бишкек шаарынын мусулмандар казысынын ишине ийгилик каалады", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарынын казыятын буга чейин Садриддин Маджитов жетектеп келген. Ал 10-июлда оорудан улам каза болгон.

Ош облусун Жылкыбаевдин орун басары Юсупов жетектеп турмай болду

Шаарга жаңы дайындалган Замир каары Ракиев 1978-жылдын 15-февралында Нарын облусунун Кочкор района караштуу Шамшы айылында төрөлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0