Чүйдүн Курама айылында калкты тейлөө борбору ачылды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ГРС КРОткрытие современного ЦОН в селе Курама Чуйской области
Открытие современного ЦОН в селе Курама Чуйской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган борбордо транспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү боюнча да шарттар түзүлөрү айтылды.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Чүй облусундагы Панфилов районунун Курама айылында бүгүн, 10-августта, заманбап калкты тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.

Ачылыш аземге катышкан Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) башчысы Акын Мамбеталиев кызмат көрсөтүүнүн сапаты жаңы деңгээлге чыкканын белгиледи. 

© Фото / пресс-служба ГРС КРЧүй облусундагы Панфилов районунун Курама айылында заманбап калкты тейлөө борбору ачылды
Чүйдүн Курама айылында калкты тейлөө борбору ачылды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Чүй облусундагы Панфилов районунун Курама айылында заманбап калкты тейлөө борбору ачылды
"Бул борбор аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүүнүн алкагында ачылды. Заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу менен МККнын кызмат көрсөтүү сапаты жаңы деңгээлге чыкты. Тейлөө иштеринин мөөнөтү кыскарып, жарандарга ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө", — деди ал.

Мамбеталиев ошондой эле транспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү боюнча да шарттар түзүлөрүн кошумчалады.

Буга чейин аймактагы паспорт бөлүмү жана калкты каттоо, касса жана нотариус бөлүмдөрү ар кайсы имараттарда жайгашып, иштөөгө шарттар ыңгайсыз болгон.

Аталган борбордо бардык шарттар түзүлгөн, анын катарында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кызмат көрсөтүү да колго алынган.

Жоголгон айдоочулук күбөлүк менен номерди кайра алуунун шарттары өзгөрдү

Панфилов районунун 50 миңдей калкы борбордун 36 түрдүү кызматынан пайдалана алышат. Борборго кайрылгандар зарыл документтерди ошол имараттан чыкпай туруп эле чогулта алат.

Быйылкы жылы буга окшогон тейлөө борборлорун Нарындын Кочкор, Жалал-Абаддын Сузак райондорунда ачуу пландалып жатканы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0