Ош шаарындагы посттор алынып, тамактануучу жайлардын иштөө убактысы узарды

Жазылуу
Ошол эле учурда эпидемиологиялык кырдаал жакшыра электиги белгиленип, санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо зарыл экендиги эскертилди.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Ош шаарында коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөр четинен алына баштаганын мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, шаардык Жарандык коргонуу штабынын чечими менен Ош шаарынын кире беришине орнотулган бардык санитардык-карантиндик посттор алынган.

Киши келбей калган. Бишкекте дагы үч стационар жабылды

Мындан сырткары, тамактануучу жайлардын саат түнкү 12ге чейин иштөөсүнө уруксат берилди. Буга чейин 22:00гө чейин кызмат көрсөтүп келишкен.

Ал эми сейил бактар, парк жана аянтчалардын ишмердүүлүгүнө азырынча уруксат бериле элек.

Ошол эле учурда эпидемиологиялык кырдаал жакшыра электиги белгиленип, санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо зарыл экендиги эскертилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0