Боронов COVID-19дун экинчи толкунуна даярдыктар тууралуу айтып берди

© Sputnik / Татьяна Макеева / Медиабанкка өтүүБейтапты карап жаткан медицина кызматкери. Архив
Бейтапты карап жаткан медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-октябрга чейин саламаттык сактоо уюмдарына дары-дармек, жеке коргонуучу каражат, дезинфекция каражаттары жана антисептиктердин үч айлык бөксөрбөс запасын камдоо пландаштырылууда.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Эпидемиянын болжолдонуп жаткан экинчи толкунуна карата дары-дармектердин стратегиялык запасын түзүү үчүн Материалдык резервдер фондуна республикалык бюджеттен каражат каралып жатат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда билдирди.

"15 миң бейтапка бир нече позициядан турган дарылардын муктаждыгын камсыздоо боюнча жумушчу топ түзүлдү. 1-октябрга чейин саламаттык сактоо уюмдарына дары-дармек, жеке коргонуучу каражат, дезинфекция каражаттары жана антисептиктердин үч айлык бөксөрбөс запасын камдоо пландаштырылууда", — деди Боронов.

Боронов: вирустан айыккандардын ден соолугун калыбына келтирүү колго алынат

Дагы кандай иш-чаралар жүргүзүлүп жатат:

  • сезондук гриппке каршы алдын алуучу вакциналарды сатып алууга республикалык бюджеттен 200 миллион сом бөлүндү;
  • медицина кызматкерлерин реабилитациялоо, колдоо иштери уюштурулуп жатат. Президенттин тапшырмасы менен Ысык-Көлдөгү пансионаттарда 130 медик эс алып келди, учурда 170 медик эс алууда;
  • медицина кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөр өз убагында төлөнүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин 807 миллион сом жумшалды. Анын ичинен июлда маянага кошумча төлөм 424 миллион сомду түздү. Ал республикалык бюджеттен берилди;
  • медицина адистерин кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу, кыска курстардан окутуу иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0