Карантин аймагында турган кызматкер. Архив

Күйдүргү: Кара-Суунун Тогуз-Булак айылына карантин киргизилди

341
(жаңыланган 14:26 26.08.2020)
Саламаттык сактоо министрлиги бир бейтапта күйдүргү оорусу лабораториялык жактан тастыкталганын билдирди. Бейтаптын абалы канааттандырарлык.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Жергиликтүү тургундардын арасында күйдүргү чыккан Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылына карантин киргизилди. Бул тууралуу Sputnik агенттигине айыл өкмөттүн башчысы Курманбек Мияшев билдирди.

Анын айтымында, карантин 18-августка чейин уланат. Эреже боюнча Тогуз-Булак айылынын тургундары сыртка чыга албайт жана аймакка башкалардын кирүүсүнө тыюу салынат.

"Бөтөнчө ооруган уйду союп, этин алгандар үйдөн чыкпай, өзүн обочолоп отурушу керек. Ошондой эле сырттан мал жандыктарды алып кирүүгө жана чыгарууга болбойт", — деди айыл өкмөттүн башчысы.

Эске сала кетсек, бүгүн, 11-августта, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Тогуз-Булак айылында күйдүргүгө шектелгендер болуп жатканы маалымдалган. Ош облустук клиникалык ооруканасы 2-августтан тарта сегиз бейтап түшкөнүн билдирген. Облустук ветеринардык инспекция лабораториялык текшерүү жүргүзүлүп жатканын айткан.

Кыргыз жерине апаат алып келген коркунучтуу 8 эпидемия. Видео

Ал арада Саламаттык сактоо министрлиги бир бейтапта күйдүргү оорусу лабораториялык жактан тастыкталганын билдирди. Учурда бардык бейтаптардын абалы канааттандырарлык, керектүү дарылоону алып жатышат.

Райондо оорунун очогун чектеп, жок кылуу үчүн ыкчам штаб түзүлүп, тиешелүү кызматтар менен жыйын курушкан. Ошондой эле ооруну алдын алуу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

341
Белгилер:
карантин, оору, күйдүргү, Тогуз-Булак, Кара-Суу району, Ош
Тема боюнча
Тогузбаева: шарп, кутурма, күйдүргү — адам өмүрү үчүн да кооптуу
Оштун Кара-Суусунда сегиз киши күйдүргүгө шектелип ооруканага түштү
Тушение пожара в квартире одного из жилых домов в Мурманске.

Бишкек: көп кабаттуу үйдөгү бир батир үйүп кетти. Видео

1
(жаңыланган 14:59 26.09.2020)
Күбөнүн айтымында, кырсыктан жаракат алган адамдар жок. Учурда өрттүн эмнеден келип чыкканы такталып жатат.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкекте Ибраимов жана Бөкөмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн бир батири күйүп кетти. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга окуяга күбө болгон киши билдирди.

Анын айтымында, кырсыктан жаракат алган адамдар жок.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган дарекке өрт өчүрүүчүлөр саат 10.58де чыгып кеткенин билдирди. Саат 12:25де өрт толугу менен өчүрүлгөн. Жалын тогуз кабаттуу турак жайдын экинчи кабатындагы батирден чыккан.

Өрттүн эмнеден келип чыкканы такталууда.

1
Белгилер:
турак үй, батир, өчүрүү, ӨКМ, өрт
Тема боюнча
Жалда өрттөнгөн көп кабаттуу үйдүн эмнеси калды. Дрондон тартылган видео
Опалубкалар жерге кулап... Жалда күйүп жаткан көп кабаттуу үйдүн видеосу 
Чек арадагы посттогу кызматкер. Архивдик сүрөт

Өлкөгө сырттан киргендер кайрадан текшерилет, анализ тапшырат. Жаңы алгоритм

15
(жаңыланган 14:50 26.09.2020)
Кыргызстанда да коронавирус жуктургандардын саны акыркы күндөрү арбып бара жатат. Бүгүн, 26-сентябрда COVID 158 кишиден табылды.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Чек арадан учак же транспорт менен өтүү үчүн иштелип чыккан алгоритмдин негизинде эл аралык жана ички авиакаттамдардын жүргүнчүлөрү учуу алдындагы процедуралардын бардык этаптарында бет кап тагынып, аралыкты сактоого тийиш.

Өкмөттүн маалымат кызматы Республикалык ыкчам штабдын жыйынында бул тууралуу кеп болгондугун айтты. Атайын алгоритмдин негизинде КРге кирип келе жатканда жүргүнчүлөрдүн дене табы өлчөнөт жана анкета толтурулат.

"Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан өтүү боюнча иштелип чыккан алгоритмдин аэропорт аркылуу учак менен келгендерге тийиштүү бөлүмү 10 күндөн кийин, ал эми чек арадан автотранспорт менен өткөндөр үчүн 2020-жылдын 26-сентябрынан, бүгүнтөн тарта күчүнө кирет", - деп билдиришкен Республикалык штабдан.

Сырттан кирип келе жаткандарда симптомдору болсо обсервацияга алынары айтылган.

"Чет өлкөлөрдөн автотранспорт менен келген Кыргызстандын жарандарында эгер алдын ала алынган полимердик чынжырлуу реакция (ПЧР)-тесттин жыйынтыгы жок болсо, экспресс-тест/ПЧР-анализ алынат. Клиникалык белгилери чыкпаса жүргүнчүлөр андан ары маршрут боюнча жүрө алышат. Оорунун симптомдору бар жарандар обсервацияга алынат. Анализдин жыйынтыгы чыкканча обсервацияда болот. Ал эми клиникалык белгилери жок жарандар 14 күн обочолонуу режимин сакташы зарыл", - деп айтылат таратылган маалыматта.

Чет өлкөлөрдүн жарандары 72 саат ичинде чыккан ПЧР-анализдин жыйынтыгы менен гана Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө уруксат берилери кабарланды.

COVID жуктургандар көбөйө баштагандыктан Боронов шашылыш жыйын өткөрдү

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков бекитилген алгоритмди так аткаруу боюнча тармактык мамлекеттик органдарга тийиштүү тапшырмаларды берген.

Саламаттык сактоо министрлигине бекитилген алгоритмди тиешелүү министрликтерге тааныштыруу менен иш алып барууга тапшырмалар берилген.

15
Белгилер:
бет кап, аэропорт, учак, алгоритм, чек ара, сактануу, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Эми кыргызстандыктар Казакстанга учак менен гана бара алышат
Бишкек мэриясы: эки гипермаркет шаардыктардын жашоосуна коркунуч жаратууда