Экс-министр Жамал Ташыбекова көз жумду

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри, коомдук ишмер Жамал Ташыбекова. Архив
Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри, коомдук ишмер Жамал Ташыбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ташыбекова 1980-1986-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри болуп эмгектенген.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Узакка созулган оорудан кийин мурдагы тышкы иштер министри, коомдук ишмер Жамал Ташыбекова 83 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Ташыбекова Жамал Чойбековна 1937-жылы 29-августта Фрунзе шаарында төрөлгөн.

1967-жылдан тарта партиялык, мамлекеттик кызматтарда иштеп, 1980-1986-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри болуп эмгектенген. Советтин жана республиканын Жогорку Советинин бир нече жолку депутаты болуп шайланган.

Жамал Ташыбекова 80 жашта. Мамлекеттик ишмердин бейнесине 7 сүртүм

Ташыбекова саламаттык сактоонун, элге билим берүүнүн базасын чыңдоого, айрыкча илимди, маданиятты, спортту өнүктүрүүгө көп күч жумшаган. Элдердин ортосунда достукту жана кызматташтыкты чыңдоо жана өнүктүрүүдөгү олуттуу салымы үчүн ага Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси деген даражалуу дипломатиялык ранг берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0