Мэрия эми имараттарды ижарага онлайн-аукцион аркылуу гана берет

Жазылуу
Жер реформасынын алкагында муниципалдык жерди жана имаратты убактылуу колдонууга берүүнү электрондук аукцион аркылуу гана жүргүзүү каралган. Бул бардык аракеттердин ачык-айкын болушуна шарт түзөт.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Мындан ары Бишкек шаарында муниципалдык имараттар ижарага онлайн-аукцион аркылуу берилет. Алгачкы аукцион бир айдан кийин болорун мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

"Азырынча https://etp.okmot.kg/ сайтына 38 объект коюлду. Биз бардык ишкерлерди кызматташууга чакырабыз. Сиздер эми ижарага имаратты эч бир коррупциялык тобокелдикке барбастан ала аласыздар", — деп жазылат мэриянын билдирүүсүндө.

Бишкек мэриясы шаардыктардын үйүн тартып алабы? Муниципалитеттин жообу

Ушул эле платформадан Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун карамагындагы имараттарды дагы тапса болот.

Эске салсак, жер реформасынын алкагында муниципалдык жерди жана имаратты убактылуу колдонууга берүүнү электрондук аукцион аркылуу гана жүргүзүү каралган. Бул бардык аракеттердин ачык-айкын болушуна шарт түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0