Кыргызстанда дагы 304 киши коронавирус жуктуруп алды

© AFP / SAJJAD HUSSAINКоронавируска анализ жасоого алынган үлгү. Архив
Коронавируска анализ жасоого алынган үлгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт ушу тапта коронавирустун экинчи толкуну болушу мүмкүн деген божомолго карап даярдык көрүп жатат.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда дагы 304 адамдан коронавирус чыкканын Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, жаңы учурлардын ичинен 14 киши медицина кызматкерлери.

Көбү Ош менен Көлдө. Өткөн суткада 263 бейтап коронавирустан айыкты

  • Бишкек - 88;
  • Ош – 21;
  • Чүй облусу – 27;
  • Ош облусу - 42;
  • Талас облусу – 7;
  • Нарын облусу – 11;
  • Ысык-Көл облусу – 37;
  • Жалал-Абад облусу – 28;
  • Баткен облусу - 43.

Ушуну менен вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 40 759 болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0