БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Бишкек мэриясы шаардык транспортту электрлештирүү долбоору боюнча Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) жана Финансы министрлиги менен өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койду.
Ага ылайык, долбоор төрт этаптан турат. Алгач зыяндуу калдыгы жок автобус паркы модернизацияланары айтылат.
"Бул этапта энергияны үнөмдөөчү заманбап аккумулятордук электр автобустарды, кубаттоочу инфраструктураны (подстанциялар, электр монтаждык жана курулуш иштери) жана автобусту тейлөө үчүн шаймандарды сатып алуу пландалууда. Электр кубаты менен жүрүүчү автобустар универсалдуу болгондуктан мүмкүнчүлүгү чектелген жүргүнчүлөр менен кары-картаңдарга жеткиликтүү болот", — деп айтылат маалыматта.
Экинчи баскычта жаңы автобустар токтой турчу жайлар курулат. Үчүнчүдө унаанын мобилдүүлүгү үчүн пилоттук "жашыл" коридор түзүлсө, акыркы этапта Бишкектеги автобустардын ишинин туруктуулугун жогорулатуу аракеттери көрүлөт.
Долбоор 58,9 миллион АКШ долларына бааланган. Азия өнүктүрүү банкы 50 миллион долларды насыя катары, ал эми 15 миллион долларды грант түрүндө берүүнү пландаштырып жатат.
Мэрия эми имараттарды ижарага онлайн-аукцион аркылуу гана берет
Негизги чыгымдар автобустарды сатып алуудан тышкары инфраструктураны курууга жана консультация алууга кетет. Долбоордун алкагында АӨБ транспортту сатып алууда конкурстук өтүнмөлөрдүн техникалык тапшырмаларын даярдай турган адистерди жалдайт.
Мэрия белгилегендей, бул транспорт тармагын узак мөөнөткө электрлештирүүнүн биринчи кадамы.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +16…+21, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +6…+11 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +13…+15, Ош шаарында +16…+18 градус жылыйт.
Вакцинаны тапшыруу аземине Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, Кыргызстандын биринчи вице-премьери Артём Новиков жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.
"Бүгүн биз "Спутник V" вакцинасын алдык. Бул препараттын эффективдүүлүгү 98 пайыз болгондуктан аны бүт дүйнө тааныды. Учурда "Спутник V" вакцинасына дүйнө жүзү боюнча талап күч. Биз 20 миң доза алдык, анын 15 миңин сатып алсак, калганы гумжардам катары берилди", — деди Бейшеналиев.
Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко вакцинаны жеткирүү көлөмү дагы көбөйтүлөрүн айтты.
"Бул партияны уюштуруу үчүн убакыт керек болду. Анткен менен вакцинаны өндүрүү көбөйтүлсө дагы да жеткирилет. Кыргызстан келерки күздү толук даярдык менен тосуп алат. Республика жалпы жонунан миллион доза алууну пландап жатат. Анын жарымы гумжардам катары берилет", — деди Удовиченко.
Ал эми биринчи вице-премьер Артём Новиков вакцина сатып алуу үчүн бюджетте ресурстар каралганын, мамлекет көлөмдү көбөйтүүгө даяр экенин белгиледи.
"Россия берген жүктүн жарымы гумжардам болуп эсептелет. Бул Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы ишенимди, достукту жана стратегиялык өнөктөштүктү билдирет", — деди Новиков.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, биринчи партиянын бир дозасы 10 доллардан турду. 20 миң доза 10 миң кишиге жетет.