АКШда жашаган ысык-көлдүк мекендештер Ак-Суу районунун аймактык ооруканасына акыркы үлгүдөгү мобилдик рентген аппаратын алып беришти

АКШдагы мекендештер Ысык-Көлгө мобилдик рентген алып берди

100
(жаңыланган 11:21 14.08.2020)
Ысык-Көл облусуна рентген алууга бөлүнгөн бир жарым миллион сом мектептин оңдоо иштерине жумшала турган болду.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. АКШда жашаган ысык-көлдүк мекендештер Ак-Суу районунун аймактык ооруканасына акыркы үлгүдөгү мобилдик рентген аппаратын алып беришти. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

Маалыматка ылайык, Америкадагы кыргызстандыктар мобилдик көчмө аппаратты Түштүк Кореядан алдыртышкан.

Мекендештерге өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев алкыш айткан.

"Ушундай оор кырдаалда четте карап турбай колдоо көрсөткөндөрдүн бардыгына ыраазычылык билдирем. Пандемияны медиктердин талабын аткаруу менен жана биримдикте гана жеңе алабыз", — деди ал.

Америкада жашаган мекендештер тобунун өкүлү Дастан Санташбеков белгилегендей, чет мамлекетте жашап жаткан көлдүктөр кичи мекенине абдан тынчсызданышууда.

"Биз социалдык тармактарда топ түзүп, ар бирибиз колубуздан келген жардамды берүүгө белсендик. Келечекте да бул жөрөлгөнү улантууну пландап жатабыз", — деди Санташбеков.

Түлөбаевдин айтымында, облус бийлиги рентген алууга багытталган акчаны үнөмдөп калган.

"Аппаратты Ак-Суу районуна бердик. Бирок керектүү убакта облус үчүн колдоно беребиз. Рахмат чоң. Рентген алалы деген бир жарым миллион сомду Жаңы-Арык айылындагы мектептин оңдоо иштерине жумшайбыз", — деп жазды Түлөбаев.

Жаңы-Арык айылындагы мектептин салынганына 75 жыл болгон.

100
Белгилер:
Балбак Түлөбаев, рентген, АКШ, Ак-Суу, Ысык-Көл облусу
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2429)
Тема боюнча
Россиялык адис Кыргызстандагы COVID менен күрөш тууралуу жакшы кабар айтты
Түштүк Кореядагы мекендештер 10 миң доллардан ашуун акчага жардам жөнөттү
Церемония передачи 19 санитарных автомашин марки Нива для Центров профилактики заболеваний и государственного санитарно-эпидемиологического надзора республики (ЦПЗиГСЭН). 03 декабря 2020

Өлкөнүн аймактагы Санэпидем борборлоруна 16 унаа берилди. Сүрөт

0
Жаңы унаалар алыскы аймактардагы дарыгерлердин ишин жеңилдетип, адистер бейтапка барган жеринде эпидемиологиялык изилдөө жүргүзө алат.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Республиканын Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлоруна Niva үлгүсүндөгү 16 унаа берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Санитардык унааларды тапшыруу аземине министр Алымкадыр Бейшеналиев, орун басары Нурболот Үсөнбаев, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору директору Абдыкадыр Жороев жана башкалар катышкан.

Бул машиналар Дүйнөлүк банктын COVID-19 долбоорунун алкагында сатып алынган.

"Коронавирус пандемиясынан бери саламаттык сактоо системасы көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрүп келе жатат. Анын бири материалдык-техникалык базанын жоктугу эле. Бул Тез жардам унаалары медициналык кызматкерлердин ишин жеңилдетип, жеринде эпидемиологиялык изилдөөлөрдү тезирээк жүргүзүүгө шарт түзөт деп ишенем", — деди Бейшеналиев.

Бөлүштүрүү планына ылайык, тез жардам унаалары Ош шаарындагы жана Нарын, Ысык-Ата, Панфилов, Кемин, Жети-Өгүз, Тоң, Токтогул, Кара-Көл, Кара-Буура, Таш-Комур, Ак-Суу, Сузак, Тогуз-Торо, Чаткал, Кызыл-Кыя, Алай, Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунун Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлоруна таратылып берилмекчи.

Кыргызстан Саламаттык сактоо министрлиги унаа коронавирус

0
Экс-премьер-министр Кубатбек Боронов. Архив

Бороновдун жардамчысы: экс-премьер реанимацияда эмес

28
(жаңыланган 13:54 03.12.2020)
Буга чейин саламаттык сактоо тармагындагы ишенимдүү адамдар Бороновдун абалы канааттандырарлык экенин, бирок реанимацияда дарыланып жатканын айтышкан.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Экс-премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирустан дарыланып, реанимацияда эмес кадимки палатада жатат. Бул тууралуу Sputnik кабарчысына мурунку өкмөт башчынын жардамчысы Руслан Турдумамбетов кабарлады.

Буга чейин саламаттык сактоо тармагындагы ишенимдүү адамдар Бороновдун абалы канааттандырарлык экенин, бирок реанимацияда дарыланып жатканын айтышкан.

Турдумамбетовдун айтымында, Бороновго коронавирус деген диагноз коюлган. Ал эми анын пневмонияга кабылганы туурасында маалыматы жок экенин белгиледи.

Экс-премьер учурда стационарда, абалы туруктуу.

Эскерте кетсек, Боронов өкмөттү 2020-жылдын июнь айынан тарта жетектеген, ага чейин вице-премьерликти аркалаган. Октябрь окуяларынан кийин отставкага кеткени маалым.

28
Белгилер:
реанимация, оорукана, пневмония, коронавирус, Кубатбек Боронов
Тема боюнча
Чүй менен Бишкекте азайбай койду. Коронавирус боюнча соңку маалымат