Чүй менен Бишкектен 48 медик Ысык-Көлгө эс алганы жөнөдү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОднодневная рабочая поездка Сооронбая Жээнбекова в Таласскую область
Однодневная рабочая поездка Сооронбая Жээнбекова в Таласскую область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ак халатчандардын эс алуусу бир жумага созулат. Коронавирус менен күрөшүүгө тартылган медиктердин ден соолугун кезеги менен чыңдоо уланып жатканы белгиленди.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Коронавируска каршы турган 48 медицина кызматкери Ысык-Көлгө ден соолугун чыңдаганга жиберилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Ага ылайык, тизмеге Чүй облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун, Бишкектеги №1 шаардык клиникалык оорукананын, Биринчи май жана Ленин районунун бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборлорунун, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жана Улуттук хирургия борборунун кызматкерлери киргизилди.

Экинчи толкунга даярдык. КРде 18 миңден ашуун медик кайра окутуудан өттү

Ак халатчандардын эс алуусу бир жумага созулмакчы. Алар "Эне-Сай" (мурунку "Дилорам") пансионатына жайгаштырылат.

Министрлик коронавирус менен күрөшүүгө тартылган медиктердин ден соолугун кезеги менен чыңдоо уланып жатканын белгиледи.

Эске сала кетсек, буга чейин өкмөт башчы Кубатбек Боронов президенттин тапшырмасы менен Ысык-Көлдөгү пансионаттарда 130 медик эс алып келсе, дагы 170и эс алып жатканын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0