Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков пообедал вместе с пограничниками войсковой части 2022 Государственной погранслужбы КР в Баткенской области. 12 августа 2020 года

Жээнбеков Баткенде чек арачыларга жолугуп, чогуу тамактанды. Сүрөт

319
(жаңыланган 20:38 12.08.2020)
Жээнбеков Баткендеги чек арачылар менен баарлашып жатып, аскер кызматчыларынын жашоосун жакшыртуу ар дайым мамлекеттин артыкчылыгы болорун белгилеген.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Мамлекет аскер кызматчыларын, өзгөчө чек араны кайтаргандарды колдоону улантат. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Баткен облусундагы чек арачылар үчүн жаңы турак жай курулушунун пайдубалын түптөөгө катышып жатып айткан.

Мамлекет башчынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, үй Мамлекеттик чек ара кызматынын коңшу Тажикстан жана Өзбекстан менен мамлекеттик чек араны коргоо боюнча милдетин аткарып жаткан 2022-аскер бөлүгүнүн кызматкерлери үчүн салынмакчы.

  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков во время закладки капсулы под строительство нового жилого дома для пограничников в Баткенской области. 12 августа
    Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Баткен облусундагы чек арачылар үчүн жаңы турак жай курулушунун пайдубалын түптөөгө катышты
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков осмотрел территорию войсковой части 2022 Государственной погранслужбы КР в Баткенской области. 12 августа 2020 года
    Үй Мамлекеттик чек ара кызматынын коңшу Тажикстан жана Өзбекстан менен мамлекеттик чек араны коргоо боюнча милдетин аткарып жаткан 2022-аскер бөлүгүнүн кызматкерлери үчүн салынмакчы.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков осмотрел территорию войсковой части 2022 Государственной погранслужбы КР в Баткенской области. 12 августа 2020 года
    Мамлекет башчысы аскердик бөлүктүн аймагын көрүп чыгып, аскер кызматкерлери менен бирге тамактанган.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков пообедал вместе с пограничниками войсковой части 2022 Государственной погранслужбы КР в Баткенской области. 12 августа 2020 года
    Алар менен баарлашып жатып Жээнбеков өлкөнүн мамлекеттик чек арасын коргоо анын көз карандысыздыгынын негиздеринин бири экендигин айткан.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Пограничники войсковой части 2022 Государственной погранслужбы КР в Баткенской области во время обеда. 12 августа 2020 года
    Эске сала кетсек, президент Жээнбеков 12-13-август күндөрү Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарын кыдыруу үчүн түштүк аймакка жөнөп кеткен.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 5
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Баткен облусундагы чек арачылар үчүн жаңы турак жай курулушунун пайдубалын түптөөгө катышты

Кызматтык көп кабаттуу там 24 батирге ылайыкташкан.

Чек ара чырларына качан чекит коюлат? Президент Жээнбековдун жообу

Мамлекет башчы аскердик бөлүктүн аймагын көрүп чыгып, аскер кызматкерлери менен бирге тамактанган.

"Алар менен баарлашып жатып Жээнбеков өлкөнүн мамлекеттик чек арасын коргоо анын көз карандысыздыгынын негиздеринин бири экендигин айткан. Кызмат өтөө үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү жана аскер кызматчыларынын жашоосун жакшыртуу ар дайым мамлекеттин артыкчылыгы болорун белгиледи", — деп айтылган маалыматта.

Эске сала кетсек, президент Жээнбеков 12-13-август күндөрү Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарын кыдыруу үчүн түштүк аймакка жөнөп кеткен.

319
Белгилер:
Кыргызстан, Баткен облусу, чек арачы, турак-жай
Тема боюнча
Ооруканадагы электрондук кезек… Жээнбеков санариптешүүнүн жүрүшүн көрдү
Президент Жээнбеков Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарын кыдырат
Адамдар пляжга барышат. Архив

Глобалдуу жылуулуктан кийин адамдын келбети да, мээси да өзгөрөт. Иликтөө

2
(жаңыланган 12:46 01.12.2021)
Адистер климаттын өзгөрүшү адамдын сырткы көрүнүшүнө таасир этип, андан сырткары, ден соолугуна да өзүнүн "салымын" кошорун айтты.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Жер планетасындагы глобалдуу жылуулуктан улам адамдын сырткы көрүнүшү кантип өзгөрө тургандыгын илимпоздор изилдеп чыкканын "Газета" кабарлады.

Илимий эмгектин авторлорунун белгилегенине караганда, эволюция теориясы боюнча жаратылыш шарттары алмашканда түрлөр, жандыктар да өзгөрөт. Бир катар окумуштуулардын айтымында, мындай нерседен адамдар да куру калбайт.

"Климаттын жылып башташы жаныбарлардын кебетесин өзгөртөт" деп аталган эмгектин автору, биолог Сара Райдинг климаттын өзгөрүшү жана глобалдык жылуулук жан-жаныбарлардын көнүшүп кетишинин темпин тездеткен деп эсептейт.

Ыңгайлашкан башка жан-жаныбарлар — европалык чычкандар менен келемиштин бир түрүнүн буттары узарып, денесинин башка түрлөрү да мурдагыдан чоңойгон.

Ал эми адамдарга келе турган болсок, өзгөрүлгөн жылуулуктун айынан меланинди көбүрөөк бөлүп чыгары айтылды. Бул пигменттин териге, чачка жана көзгө өзүнүн таасирин тийгизет. Ал көбүрөөк болсо, теринин өңү кара тору тартып, көз менен чач да карарат.

Климаттын алмашуусу менен адам баласы өзү да, мээсинин көлөмү да өзгөрөрү айтылууда. Изилдөөлөр адамдын орточо көлөмү менен мээси ар дайым өзгөрүп турарын, тагыраагы, суук чоңойтуп, ал эми ысык, тескерисинче, кичирейтерин көрсөткөн.

Илимпоздор глобалдуу жылуулуктун башталып келе жаткандыгынын айынан адамдын мээси менен денеси кайрадан кичирейиши мүмкүн дейт. Кембридждегилер адамдын эс тутуму, сүйлөөсү, бир нерсени тез үйрөнүп кетиши жана мээдеги кан айлануунун жайлай турганын айтышты.

2
Белгилер:
глобалдык жылуулук, илимпоз, изилдөө, адам, келбет
Тема боюнча
Ааламда ири жаратылыш кырсыктары эмнеге болуп жатканын окумуштуулар түшүндүрдү
Кытайда климат кескин өзгөрүп, кесепети оор болору болжолдонуп жатат
Кишилер Бишкектеги жарманкеден азыктарды алып жатат. Архив

Бишкекте азык-түлүк жарманкеси жылдын аягына чейин өтөт

4
(жаңыланган 12:41 01.12.2021)
Жарманкеге фермерлер жана өндүрүүчүлөр өз товарларын алып чыгып, арзан баада сата турганы айтылууда. Иш-чара Бишкектин чок ортосунда өтөт.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын борборунда жылдын аягына чейин ар жума сайын салтка айланган айыл чарба жарманкеси өткөрүлөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жарманке ишемби жана жекшембиде саат 09:00дөн 16:00гө чейин баш калаанын Раззаков көчөсүндө Киев менен Токтогул көчөлөрүнүн ортосунда өтөт.

Министрлик жарманкеден айыл чарба жана тамак-аш өнөр жай өнүмдөрүн, жумуртка, эт, сүт азыктарын, жашылча жана башкаларды ортомчуларсыз, өндүрүүчүлөрдүн баасы менен сатып алууга болорун айтууда.

4
Белгилер:
Бишкек, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, азык-түлүк, жарманке
Тема боюнча
Жапаров: өлкөдө азык-түлүк менен камсыз кылуунун деңгээли кооптуу абалда
Кыргызстанда өсүмдүк майын өндүрүү боюнча кластер түзүлөт