Кочкор менен Жумгалда жер титиреди

Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин берген маалыматы боюнча, силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Кечээ Нарын облусунда очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталганын ӨКМ билдирди.

Маалыматта силкинүү саат 16.03тө катталганы айтылат. Жер титирөө Кочкор районунун Эпкин, Ак-Чий, Туз, Кең-Суу айылдарында 3,5 балл жана Жумгал районунун Жумгал, Кызарт айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жүрөктүн үшүн алган сел Арсланбап айылын каптады. Видео

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0