Акысын албай калган медиктер. Сокулуктун акимине сөгүш жарыяланды

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшВручение средств индивидуальной защиты медперсоналу в Оше
Вручение средств индивидуальной защиты медперсоналу в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Район акими Республикалык штабдын чечимдеринин аткарылышына көзөмөл жүргүзбөгөндүктөн медиктердин акчасы кармалганы айтылды.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Чүй облусундагы Сокулук районунун мамлекеттик администрация башчысы Асылбек Сатывалдиевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.

Чүй менен Бишкектен 48 медик Ысык-Көлгө эс алганы жөнөдү

Билдирмеге ылайык, район акими кызматтык милдетин толук аткарбагандыгы, ошондой эле Республикалык штабдын чечимдеринин аткарылышына көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн сөгүш алды.

"Бул кемчиликтердин арты Сокулук районунда коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылаган медицина кызматкерлеринин компенсациялык төлөмдөрүнүн кармалышына алып келген", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Боронов медиктердин кошумча төлөмдөрүнүн кармалуусу боюнча кабардар болуп, ага жол бергендерге чара көрүүнү тапшырганы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0