Коронавирус аныктоочу тест кармаган медик. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда дагы 310 адамдан COVID чыкты

211
(жаңыланган 11:35 13.08.2020)
Ушу тапта ооругандардын саны кыйла азайып калганы байкалат. Ош менен Бишкек шаарларындагы айрым стационарлар ишин жыйыктыктоодо.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда дагы 310 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

  • Бишкек - 99;
  • Ош – 16;
  • Чүй облусу – 15;
  • Ош облусу - 35;
  • Талас облусу – 9;
  • Нарын облусу – 8;
  • Ысык-Көл облусу – 55;
  • Жалал-Абад облусу – 54;
  • Баткен облусу - 19.

Ушуну менен март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 41 069 болду.

211
Белгилер:
бейтап, статистика, айыгуу, жуктуруу, коронавирус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1312)
Тема боюнча
Кыргызстандыктарда COVID-19га каршы иммунитет качан пайда болот? Пикир
Россиялык алып баруучу Ольга Шелест. Архив

Россиялык алып баруучу аз убакыттын ичинде кантип арыктаганын айтып берди

18
(жаңыланган 09:08 20.09.2020)
Шелесттин айтымында, ал эки айдын ичинде жети килограмм салмак таштаган. Алып баруучу 10 жылдан бери мынчалык арыктай электигин белгилеп, мунун баарын таттуу менен байланыштырды.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Россиялык алып баруучу Ольга Шелест "Телепрограмма" басылмасына маек берип жатып тез убакыттын ичинде кантип арыктаганын айтып берген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ага ылайык, социалдык тармактын колдонуучулары алып баруучунун сындуу болуп калганын байкашып, андан кантип арыктаганын сурашкан.

Шелесттин айтымында, ал эки айдын ичинде жети килограмм салмак таштаган. Алып баруучу 10 жылдан бери мынчалык арыктай электигин белгилеп, мунун баарын таттуу менен байланыштырган.

"Бир отурганда эле бир тортту жеп койчумун. Бирок кийин кумшекерден баш тарттым. Эки айдан кийин жети килограмм таштаганымды билдим. Атайын деле "арыктайм" деп максат койгон эмесмин. Анткени өзүмдүн тулку-боюм жакшы эле формада болчу", — деди ал.

Алып баруучу карантинде кокустан "Мен таттууну жакшы көрбөйм" деген китеп окуп калганын айтты. Ошондон баштап анын кумшекер, таттууга болгон көз карашы өзгөргөн.

Дагестан: пенсионер беш саатта 10 килограммга жакын салмак таштаган

"Бул китепте кумшекер кантип жаралганы, адамдар ага эмнеге жакын болуп калганы тууралуу илимий негизде маалыматтар берилген. Ошондой эле биз аталган "жасалма баңгизатты" колдонгондо организмде кандай реакция жүрөрү да айтылган", — деди Шелест.

Алып баруучу кумшекердин ден соолукка тийгизген таасири тууралуу билгенден кийин таттуудан толугу менен баш тартканын кошумчалады.

18
Белгилер:
Кумшекер, арыктоо, алып баруучу, Россия
Тема боюнча
30 килограммга чейин арыктаган. Улгайган аял сыры менен бөлүштү
Арыктоо үчүн күнүмдүк тамакка колдончу азыктар тизмектелди
Нарын шаарындагы жугуштуу илдеттер ооруканасынын курулуш иштери

Штаб: Нарындагы жаңы оорукананын курулушу жарым-жартылай бүтүп калды

9
(жаңыланган 08:31 20.09.2020)
Жаңы медициналык мекеме 70 орунга ылайыкташып салынууда. Анын курулуш иштерине "Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк" фонду тарабынан 36 миллион сом бөлүнгөн.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Нарын шаарындагы жугуштуу илдеттер ооруканасынын курулуш иштеринин 44 пайызы бүтүп калды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Ага ылайык, жаңы оорукана 70 орунга ылайыкташып салынууда. Анын курулуш иштерине "Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк" фонду тарабынан 36 миллион сом бөлүнгөн.

"Бүгүнкү күндө оорукананын пайдубалы бүтүп, гидроизоляциялоо иштери менен от жагуучу бөлмөнүн темир-бетон жабдуулары орнотулду. Учурда имараттын темир тирөөчтөрүн коюу иштери, дубалдарды пеноблок менен тургузуу жана полду бетондоо жумуштары аткарылууда", — деп айтылат маалыматта.

Штаб оорукананын курулуш иштерине 76 жумушчу, жети атайын техника тартылганын кошумчалады.

9
Белгилер:
курулуш, оорукана, Нарын облусу, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкектеги 6 ооруканага борборлоштурулган кычкылтек орнотууга тендер өтөт