Бишкекте 10 миңден ашык тургундун жарыгы аралыктан өчүрүлөт. Убактысы

© AFP / ALI AL-SAADIЭлектр автоматы. Архив
Электр автоматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Түндүк электр" ишканасы өкмөттүн сунушу менен үч ай бою абоненттердин дебитордук карызы үчүн жарыкка тийбегенин эске салды.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Бишкектин 10 миңден ашык тургуну электр кубатынын акысын убагында төлөбөгөндүгү үчүн жарыкты аралыктан өчүрүү пландалып жатат. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди.

Акционердик коом өкмөттүн сунушу боюнча 26-марттан тарта үч ай бою абоненттердин дебитордук карызы үчүн жарыкка тийбегенин эске салды.

"Азыр бардык почта бөлүмдөрү штаттык режимде иштөөдө. "Түндүк электр" дагы мурдагы тартипте ишин баштады. 17-18-август күндөрү ишкана 10 миңден ашык абонент электр жарыгынын акысын убагында төлөбөгөндүгү үчүн аралыктан өчүрүүнү пландап жатат", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ишкана кардарларды кызмат үчүн убагында каражат төлөөгө чакырды.

Токтогулдагы абал: кышында электр кубатынан кыйналбайбызбы? Эксперттик пикир

Аны Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, "БТА Банк" терминалдары, UMAI, "Элсом" электрондук капчыктары жана "Айыл Банк", "Дос Кредо Банк", "БТА Банк", "КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкынын"  жана  "Кыргыз почтасы" ишканасынын кассаларынан төлөөгө болот.

Ошондой эле Тоголок Молдо, 70 А дарегинде жайгашкан "Түндүк электр" ишканасынын сервистик борборунан да төгүүгө болот. Ал иш күндөрү саат 08:00дөн 17:00гө чейин, ал эми ишемби күнү 08:00дөн 12:00гө чейин иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0