Медиктер менен мугалимдерге мамлекеттик ипотека берилет. Каражат булагы айтылды

Жазылуу
Мамлекеттик ипотека компаниясынын жетекчилиги мугалимдер менен медицина кызматкерлерине мамлекеттик ипотека берүү үчүн эл аралык финансы уюмунан 25 миллион доллар алганы жатканын билдирди.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Медиктер менен мугалимдерге мамлекеттик ипотека берүү үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан (ЕТӨФ) 25 миллион доллар алуу пландалып жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) төрайымы Элмира Абжапарова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, донорлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп, "узак мөөнөттүү жана арзан каражат" изделип жатат.

"ЕТӨФ менен тыгыз кызматташып жатабыз. Алардан алган каражат медиктер менен мугалимдерге ипотека берүүгө жумшалат. Азыр алар 25 миллион доллар боюнча арызыбызды карап жатат", — деди Абжапарова.

Бизде акча бар! МИК жарандарды мамлекеттик ипотека алууга чакырды

Ошондой эле ал Германиянын өнүктүрүү банкынан 10,5 миллион евро өлчөмүндөгү гранттык каражатты берүү жөнүндө макулдашууга кол коюлганын билдирди. Мындан тышкары, "Азия банкы" менен инвестиция жана техникалык жардам боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

ЕТӨФ — 8,5 миллиард долларлык капиталы бар аймактык финансы механизми. Ал 2009-жылы Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан тарабынан негизделген. Негизги максаты — фонддун курамына кирген өлкөлөргө кризистик абалдан чыгууга жардам берүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0