Этникалык кыргыздар ЖОЖдон акысыз билим алат. Сынактын убактысы

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө бараткан студент. Архив
Көчөдө бараткан студент. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конкурска Борбор Азиянын, Түркиянын жана Кытайдын жараны болгон этникалык кыргыздар катышат. Айрымдарынын документи Бишкекте, кээсиники ошол аймакта кабыл алынат.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Этникалык кыргыздардын жогорку окуу жайларда акысыз билим алуусу үчүн сынак башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркия жана Кытайдын жарандары болгон этникалык кыргыздар катыша алат.

Документтер 10-сентябрга чейин кабыл алынат. Ал саат 14:00дөн 17:30га чейин гана Билим берүү жана илим министрлигине кагаз түрүндө тапшырылышы керек. Суроолор болсо 996 312 621519 номерине чалууга же icipd.moes@gmail.com дарегине жазса болот.

ЖОЖго кабыл алуунун үч туру тең аяктап, дагы кошумча сынак жарыяланды

Сынак тууралуу кененирээк жана кандай документтер керек экендигин министрликтин сайтынан таанышууга болот.

Ал эми Тажикстан, Өзбекстан жана Кытай Эл Республикасынын аймагында турган этникалык кыргыздардын документтерин кабыл алуу иштерин аталган өлкөлөрдө жайгашкан КРдин элчиликтери жүргүзөт.

Алардын документтерди кабыл алуу убактысы беш күндөн айырма бар. Маселен Өзбекстанда 15-сентябрга чейин, Тажикстанда 5-сентябрга чейин жана Кытайда 10-сентябрга чейин тапшыруу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0