Кыргызстанда дагы 304 кишиден COVID чыкты

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүКоронавируска анализ жасоого алынган кан үлгүлөрү. Архив
Коронавируска анализ жасоого алынган кан үлгүлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта өлкө аймагында ооруканалар курулуп, айрым жерде эскиси капиталдык ремонттон өтүп, кошумча корпустар салынууда.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Бүгүнкү күндүн эсеби менен Кыргызстанда 308 адамдан коронавирус чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Маалыматта анын 15и медицина кызматкери экени айтылат.

  • Бишкек - 73;
  • Ош – 19;
  • Чүй облусу – 24;
  • Ош облусу - 32;
  • Талас облусу – 14;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 56;
  • Жалал-Абад облусу – 39;
  • Баткен облусу - 42.

Ушуну менен оору жайылгандан тарта 41 377 киши аталган вирусту жуктуруп алганы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0