COVID-19: акыркы суткада төрт киши акка моюн сунду

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарылерлер. Архив
Ооруканадагы дарылерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаздан бери коронавирус жуктуруп алып каза тапкандардын саны 1491ге жетти. Статистикага вирус козгогон пневмония кошулганын да белгилей кетели.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Өлкөдө бир сутка ичинде коронавирус инфекциясына кабылган төрт бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Ага ылайык, Бишкек шаарында жана Талас, Ош, Ысык-Көл облустарында бирден бейтап көз жумган.

Пандемия башталгандан бери жугуштуу оорудан 1 491 кыргызстандык көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0