Батукаевдин иши: шаардык сот Атамбаев боюнча чечимди күчүндө калтырды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи май райондук соту ушул жылдын 23-июнунда Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча Атамбаевди 11 жыл 2 айга эркинен ажыраткан.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча чыккан соттун чечими күчүндө калды. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысына анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

"Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөрткөн жок. Жогорку сотко апелляциялык арыз жазуу боюнча маселе каралууда", — деди Слесарев.

Биринчи май райондук соту ушул жылдын 23-июнунда аталган иш боюнча Атамбаевди 11 жыл 2 айга эркинен ажыраткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0