Бир айда даяр болсун! Боронов жылытуу мезгилине даярдык боюнча талап койду

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Кубатбек Боронов
Премьер-министр Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы быйылкы пандемияны жана суунун көлөмү төмөн болушу божомолдонуп жатканын эске алуу менен камылганын кылдат жүргүзүлүшү керектигин айткан.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Премьер-министр Кубатбек Боронов пандемия шартында жылытуу мезгилине даярдык адаттагыдан эрте бүтүшү керектигин айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Боронов бул маселе боюнча кеңешме өткөргөн.

"Суунун деңгээлинин болжолдуу төмөн болушу жана эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен камылга иштерин кылдат жүргүзүү шарт. Аба ырайынын суук болушун күтүп, иштерди создуктурбаш керек. Бир айдан кийин бардыгы даяр болсун. Ал эми калкты камсыздоо боюнча айтсак, август айынын соңуна дейре көмүрдү сатып алууга бардык тендерлер өткөрүлүшү керек", — деген өкмөт башчы.

Учурда Финансы министрлиги жылытуу мезгилине даярдык көрүү иштерине каралган 2,9 миллиард сомдун жарымын бөлгөнү кошумчаланды.

Боронов COVID-19дун экинчи толкунуна даярдыктар тууралуу айтып берди

Ошондой эле премьер-министр компаниялар жана ири ишканаларды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырып, аны кошумча булактан алууну карап чыгышын айткан.

Боронов ар мамлекеттик орган жылытуу мезгилинин даярдыгына жооптуу экендигин эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0