Бишкекте "Электрондук унаа токтотмо" иштей баштайт. Шарттары

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүВ России могут пересмотреть стандарты размеров парковочных мест
В России могут пересмотреть стандарты размеров парковочных мест - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анда унаа токтотуу акысын убакытка жараша эсептөө үчүн атайын системалар орнотулуп, видеобайкоо камералары аркылуу көзөмөлдөнөт.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Бишкекте Ибраимов көчөсүндө "Электрондук унаа токтотмо" пилоттук долбоору ишке кирет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Анда унаа токтотуу акысын убакытка жараша эсептөө үчүн атайын системалар орнотулуп, видеобайкоо камералары аркылуу көзөмөлдөнөт.

Мэриядан билдиришкендей, өткөн жылы 14 унаа токтотмо жана 14 унаа туруктары түзүлгөн. Алардагы 2 030 орундан шаардык бюджетке 15 миллион сомдой каражат түшкөн.

"Бишкек токтотмолору жана унаа туруктары" муниципалдык ишканасынын башчысы Вахтанг Алакуловдун айтымында, учурда шаардагы көйгөйлүү жерлер — Шопоков көчөсүнүн Жибек Жолу проспектинен Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү, "Айчүрөк", "Чынар" соода борборлорунун жанындагы токтотмолор.

Бишкек мэриясы электробустарды жүргүзүү үчүн каражат тапты

"Бул жерлер 2016-жылы "Паркинг Кейджи" компаниясына мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында 2 миллион 350 миң сомго беш жылга ижарага берилген. Буга байланыштуу алардын ишин уюштуруу, бааларын коюу компаниянын мойнунда", — деди Алакулов.

Мэрия эскерткендей, азыр канча убакытка токтоткондугуна карабастан Бишкектеги бирдиктүү тариф 25 сомду түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0