Балчылар бал чогултууда. Архивдик сүрөт

Кара-Кулжа токой чарбасына 7 млн сомдук балчылыкка керектүү жабдуу берилди

98
(жаңыланган 10:25 15.08.2020)
Райондо балчылыкты өнүктүрүү үчүн атайын он сотых жер тилкеси тосулду. Аймактын бул тармакты колго алууга толук шарты бар.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Кара-Кулжа районунун токой чарбасына 7 миллион 337 миң 760 сомго балчылык жабдуу жана инвентарларын бергендигин Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.

Ага ылайык, көрсөтүлгөн жардам Дүйнөлүк банктын жана Глобалдык экологиялык фонддун каржылоосу менен "КРдин токой экосистемасын интегралдык башкаруу" долбоорунун алкагында ишке ашкан.

Кыргыз экономикасынын артка кеткен тармактары. Тизме

"Берилген жабдык жана инвентарларды өлкөнүн алыскы тоолуу аймактарында балчылыкты өстүрүү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн чаңдаштырууда жана токой чарбасына кошумча каражат булагын табууда натыйжалуу пайдаланууга болот. Алты кассеталык бал тартуучу автомат аппараттан үч даана, бал тартуучу механикалык аппараттан жети даана, беш миң бал алкагы, беш миң даана бал мому, бал аарычынын кийиминин он топтому жана башка жабдыктар алып келинди. Мындан тышкары, аталган долбоордун шарты менен бал челектерди жайгаштыруу үчүн он сотых жер тилкеси тосулду", — деп жазылат билдирүүдө.

Анда айтылгандай, Кара-Кулжа районунун токой чарбасынын аймагы 74 миң 285 гектар, анын ичинен токой аянты 8 миң 215 гектарды ээлейт. Токой чарбасынын аймагында дары чөптөрдүн түрү өсөт. Райондун балчылыкты өнүктүрүүгө толук шарты бар.

98
Белгилер:
жабдык, Кара-Кулжа, токой, бал
Тема боюнча
Кадыр: өлкөдө бал аарыларынын тоют базасы кыскарып жатат
Шоколад. Архив

Адис адам шоколадга эмне үчүн жакын болорун айтып берди

6
Дарыгер шоколадды кечке эңсей берүү кадимки эле адаттын кесепети да болушу ыктымалдыгын четке какпайт.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Адамдын организми шоколадды ири алдыда депрессияга каршы зат катары талап кылат. Бул тууралуу аллерголог-иммунолог, медицина илимдеринин кандидаты Анатолий Балага шилтеме кылып "Известия" басылмасы жазды.

Адистин айтымына караганда, бул таттуунун аны сүйүп жегендердин тишине эле эмес, саламаттыгына да зыянын тийгизүү кооптуулугу бар.

Бирок негизи шоколадды тоё жегиси келгендик адамдын организминде кайсы бир заттын жетишпестигинен кабар берет.

"Кишинин бул таттууга жакын экендиги анын организминин депрессияга каршы кайсы бир затка муктаж болуп жаткандыгынын белгиси", — деген медик.

Дарыгер адам шоколадды жеп, мээнин иштөө активдүүлүгүн жогорулаткысы келерин, себеби анын курамында кофеин бар экендигин кошумчалады.

Анткен менен Бала жогорудагы таттуу азыкты кечке эңсей берүү кадимки адаттын кесепети да болушу ыктымалдыгын четке какпайт. Ага адам чай же кофе сыяктуу көнүп калышы толук мүмкүн.

6
Белгилер:
мээ, чай, кофе, шоколад
Тема боюнча
Дарыгер боорго зыяндуу азык-түлүктөрдү атады. Тизме
Бишкек шаары. Архив

Шейшембиге карата аба ырайы

120
1-декабрга караган түнү өлкө боюнча абанын температурасы төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. 1-декабрь күндүз республиканын кээ бир райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө 0…-5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 2…7, Ысык-Көлдө -1…+4, Нарында -2…+3 градусту түзөт.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбордо 0…-2, Ош шаарында 5…7 градуска жылыйт.

120
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Дагы кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы