Боронов эл аралык каттамдарды калыбына келтирүү ишин күчөтүүнү тапшырды

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр КР Кубатбек Боронов
Премьер-министр КР Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Отурумда кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишин жандандыруу тууралуу кеп болгон.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Премьер-министр Кубатбек Боронов бир катар мамлекет менен эл аралык каттамдарды калыбына келтирүү ишин күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу ал Республикалык штабдын жыйынында айтканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Отурумда мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишин жандандыруунун мааниси дагы белгиленген.

Эми Кыргызстанга учак менен келип-кеткендер кандай эрежеге баш иет? Алгоритм

Ошондой эле Боронов медицина кызматкерлерине кошумча төлөмдөрдү берүүгө токтолгон.

"Мындан ары бир дагы шаар, район, ал тургай алыскы айылдарда коронавирус инфекциясына чалдыккан бейтаптарды дарылоого тартылган медиктердин акысы кармалбасын. Төлөм боюнча кылдат текшерүүлөр жүргүзүлөт", — деди өкмөт башчы.

Андан тышкары, азык-түлүк коопсуздугун жана дары каражаттарынын үч айлык запасын камсыздоого токтолуп, тиешелүү тапшырмаларды берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0