Ош, Талас жана Бишкектен 200 медик Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

Жазылуу
Коронавирус жуктурган бейтаптарды дарылаган медицина кызматкерлеринин ден соолугун калыбына келтирүү үчүн эс алдыруу каралган.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Медицина кызматкерлеринин кезектеги тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлгөнүн Республикалык штаб кабарлады.

Ош, Талас облустары менен Бишкек шаарынан топтолгон дарыгерлер, медайымдар, санитарлар, техникалык персоналдын өкүлдөрү менен тез жардам унааларынын айдоочуларынан турган топ 15-август күнү чыгып кетишкен.

Эми акча берилбейби? Медиктерге компенсация төлөөнүн шарты өзгөрүүдө

"Медиктер "Эне-Сай" пансионатында бир жума болушат. Каражат маселеси Эмгекчилердин ден соолугун калыбына келтирүү фонду тарабынан чечилди", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, акыркы үч аптанын аралыгында "Эне-Сай" жана "Алтын-Жай" пансионаттарында жалпы жонунан 450 медицина кызматкери эс алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0