Өлкөдө 211 киши COVID жуктуруп алды

© REUTERS / YVES HERMANКоронавируска анализ жасоочу тесттер. Арихв
Коронавируска анализ жасоочу тесттер. Арихв - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда эпидемиологиялык абал турукташып келе жатканы менен дүйнөдө вирусту жуктуруп алгандар азайбай жатат. Кечээ алардын саны 21 миллиондон ашты.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Кыргызстан боюнча дагы 211 киши коронавирус жуктуруп алганын Республикалык штабдан кабарлашты.

Аймактар боюнча карай келгенде көрсөткүч төмөнкүдөй:

  • Бишкек шаары - 46;
  • Ош шаары – 14;
  • Чүй облусу – 19;
  • Ош облусу - 26;
  • Талас облусу – 7;
  • Нарын облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 47;
  • Жалал-Абад облусу – 27;
  • Баткен облусу - 22.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 41 856 кишиге жетти.

Республикада эпидемиологиялык абал турукташып келе жатканы менен дүйнөдө вирусту жуктуруп алгандар азайбай жатат. Кечээ алардын саны 21 миллиондон ашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0