Кызыл зонага кирип, тажрыйба алмаштык. Россиялык медиктердин Кыргызстанга жардамы

© Фото / Пресс-служба Минобороны РФ / Медиабанкка өтүүБишкектеги ооруканадагы Россиялык дарыгер
Бишкектеги ооруканадагы Россиялык дарыгер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык дарыгерлер Кыргызстанга 23-июлда келип, 21 ооруканада иштешти. Алар кандай жардам кылгандыгын Башкыртстандын саламаттык сактоо министринин орун басары айтып берди.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Башкыртстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов брифингде Кыргызстанга кандай жардам көрсөтүлгөндүгүн айтып берди.

Ал россиялык дарыгерлер Кыргызстанга 23-июлда келип, медициналык 21 жайда "эпидемияга каршы режимди калыптандыруу боюнча" иштегендигин эске салды.

"Биз кыргызстандык дарыгерлер менен ийиндеше туруп кызыл зонага кирип, тажрыйба алмашууларды жүргүздүк. Биздин милдет — эпидемияга каршы режимди калыптандыруу эле. Бул биринчи иретте медицина кызматкерлеринин COVID жуктуруп алып, катардан чыгып калбашы үчүн жасалды", — деди Кустов.

Россия дарыгерлери кыргызстандык жаш медиктерге таң берди

Ал төрт миңден ашуун бейтапты кабыл алып, алардын ичинен жүздөгөн адам айыгып чыккандыгын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0