COVID: дарылоонун 4-протоколу мурдагыдан эмнеси менен айырмаланат. Түшүндүрмө

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевСтационардагы дарыгерлер. Архив
Стационардагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин үч протоколдо COVID-19ду дарылоо боюнча айтылса, 4-версияда пневмония жана анын күчөп кеткен учурларын сакайтуу боюнча көрсөтүлдү.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирусту дарылоо боюнча 4-протокол мурдагылардан эмнеси менен айырмаланарын саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев айтып берди. Бул тууралуу россиялык дарыгерлердин Кыргызстандагы ишин жыйынтыктоочу брифинг учурунда сөз болду.

"17-июлдан тарта өлкөдө статистикалар бириктирилди. Мурда анализ коронавирус бар экенин көрсөткөн учурлар гана катталса, кийин ага ооруканадан тышкаркы пневмония дагы кошулган. Буга чейин үч протоколдо COVID-19ду дарылоо боюнча айтылса, 4-версиясында пневмония жана анын күчөп кеткен учурларын сакайтуу боюнча көрсөтүлдү", — деди Каратаев.

Естебесова: тамеки чеккендер COVID-19ду жеңил көтөрөт деген жаңылыштык

Анын айтымында, жакында документ министрлик тарабынан бекитилип, дарыгерлерге колдонууга берилет.

Буга чейин протоколдун 4-версиясы Россиядан келген дарыгерлерге да көрсөтүлүп, алар тажрыйбасына таянып сунуштар айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0