Россиялык адис кыргызстандык дарыгерлердин кайраттуулугуна баа берди

© Sputnik / Табылды КадырбековРоссиялык пульмонолог Лилия Козырева. Архив
Россиялык пульмонолог Лилия Козырева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык пульмонолог кыргызстандык кесиптештери менен COVID-19га каршы күрөшүүдөгү кызматташтыгы тууралуу айтып берди.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Кыргызстандык дарыгерлер өтө чоң күчкө ээ экенин көрсөттү. Бул туурасында россиялык пульмонолог Лилия Козырева брифинг учурунда билдирди.

"Кыргызстандык кесиптештерибиз аябай кайраттуу, чыдамкай жана практикалык тажрыйбага эгедер экен. Дүйнөдө бул инфекция менен күрөшүү багытында жасалып жаткан жаңы нерселерди билүүгө тынымсыз умтулуп жатканын байкадык. Мен тажрыйбамды бөлүшүп, кайра алардан үйрөнгөн нерселерди баа жеткис деп айтсам болот. Биздин биргеликте жасаган иштерибиз жыйынтык берди деп ойлойм", — деди Козырева.

Россиялык адис Кыргызстандагы COVID менен күрөш тууралуу жакшы кабар айтты

Ошондой эле ал кесиптештерине жылуу тосуп алганы жана кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0