Бишкек: аутизм менен ооруган 6 жаштагы Чыңгыз изделүүдө. Сүрөт жана белгилери

© Фото / Free-PhotosӨспүрүм бала. Архив
Өспүрүм бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бала бүгүн жоголуп, табылбай жатат. Ал Ак-Өргөө конушунда жашайт. Чыңгыздын туугандары менен милиция баланы табууга жардам сурап жатат.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Бишкекте 6 жаштагы Чыңгыз Шамшиев жоголуп табылбай жатат деп билдиришти Ленин райондук милициясынан.

© Фото / пресс-служба УВД Ленинского районаБишкекте жоголуп кеткен 6 жаштагы Чыңгыз Шамшиев
Бишкек: аутизм менен ооруган 6 жаштагы Чыңгыз изделүүдө. Сүрөт жана белгилери - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жоголуп кеткен 6 жаштагы Чыңгыз Шамшиев

Бүгүн, 16-августта, саат 17:20лар чамасында бала Ак-Өргөө конушундагы үйүнөн чыгып кетип, кайрылып келген эмес.

Бою 130 сантиметр, кой көздүү, чачы күрөң, кыска кыркылган. Сол акырегинде так бар, аутизм менен жабыркайт, кыйналып сүйлөйт. Кызгылт сары футболка, боз шым, бутунда илип алма тапичке кийип жүргөн.

Бала тууралуу маалымат билгендер болсо милиция төмөнкү телефондорго кайрылууну сурайт: (0555) 10-21-49, (0502) 10-21-49, (0703) 68-68-83, (0707) 55-78-87, (0707) 55-78-87 жана 102.

Жаңылыктар түрмөгү
0