Рактын өрчүшүн ооздуктай турган өзгөчө өсүмдүк табылды. Иликтөө

© AFP / HOANG DINH NAMКумкват өсүмдүгү. Архив
Кумкват өсүмдүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иликтөөнүн автору өсүмдүктү биринчи кезекте мезгилдик сасык тумоо жана суук тийгизип алып көп ооругандар колдонушу керектигин билдирген.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Цитрус өсүмдүктөрү шишиктердин чоңоюшун жайлатып, тамак-аш сиңирүү системасын жакшыртып жана сөөктөрдү бекемдейт. Ал "декоративдүү мандарин" жана "алтын апельсин" деген ат менен белгилүү кумкват өсүмдүгү экенин РИА Новости жазды.

Аталган иликтөөнүн автору муну биринчи кезекте мезгилдик сасык тумоо жана суук тийгизип алып көп ооругандар колдонушу керектигин билдирген.

Мындан сырткары, ашказан жана ичегинин иштөөсүн жакшыртып, анорексияга кабылып, адамдын көңүл айнып жана күптү болгон учурда жардам берери айтылат.

Окумуштуулар кайсы өсүмдүк жүрөк ооруларына, кант диабетине жардам берерин айтты

Ал эми автор онкологиялык ооруларды өрчүтпөй ооздуктап туруу кумкваттын маанилүү бир функциясы болуп эсептелерин жазган. Ошондой эле анын курамында кальций көп болгондуктан сөөктү бекемдеп, бетке бырыш, так түшүүнүн алдын алары белгиленет. Андагы А витамини көзгө да пайдалуу экени айтылган.

Адис кумкваттын кабыгы менен кошо колдонуу керектигин кошумчалаган. Андан кыям, мармелад жасап, чайга кошуп ичүүнү же десертке салат жасоону сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0