Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга жардам көрсөтүү долбоору ишке кирди

© AFP / ANNE-CHRISTINE POUJOULATБала кармап турган аял. Архив
Бала кармап турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карантин учурунда үй-бүлөлүк зомбулуктар өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 61 пайызга жогорулаган.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги зомбулуктан жапа чеккен үй-бүлөлөргө жана балдарга жардам көрсөтүү борборлорун жакшыртуу боюнча долбоорун ишке киргизди. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, бүгүндөн баштап COVID-19 пандемиясы учурунда үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен үй-бүлөлөргө жана балдарга жардам көрсөтүү борборлорун жана 111 –  “Балдар үчүн  ишеним телефону” борборун колдоо боюнча долбоор ишке кирет.

Бул долбоор жергиликтүү жана эл аралык уюмдар менен биргеликте ишке ашырылууда.

7,5 жылга кесилет! Зомбулук көрсөткөндөрдү тосмо арызга карабай камоо сунушталды

“Карантин учурунда үй-бүлөдөгү аялдарга, өспүрүм кыздарга, балдарга карата зомбулук жана ырайымсыз мамиле өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 61 пайызга жогорулаган. Ишеним телефонуна чалуулардын саны кескин көбөйүп, быйылкы төрт айда 2440 ирет кайрылуу түшсө, алардын 191и балдар болгон”, — деп айтылат маалыматта. 

Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн төмөнкү кызматтар ишке кирет:

  • “Балдар үчүн 111 ишеним телефону” борборунун мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу;
  • зомбулуктун бардык түрлөрүнөн жабыр тарткан өспүрүм кыздардын укугун коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардын жана кызматтардын мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу;
  • балдарды ырайымсыз мамиледен жана зомбулуктан коргоо боюнча тиешелүү органдардын ведомстволор аралык координациясын жакшыртуу;
  • үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана болгон фактылар боюнча иш алып барууда өспүрүмдөргө басым жасоо менен ведомстволор аралык механизмди  жөнгө салуу;
Жаңылыктар түрмөгү
0