Электр энергиясы көп өчүрүлүп жатат. Көйгөй эмнеден чыкты

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүЭлектр чубалгыларында пландык оңдоо иштери. Архив
Электр чубалгыларында пландык оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жылы жети айда 3 317 авариялык өчүрүүлөр болгон. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда бул 348ге көп көрсөткүч.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Быйыл электр энергиясынын авариялык өчүрүүлөрү көп болду. Бул туурасында Жер казынасын пайдалануу, энергетика жана өнөр жай комиетитинин төрагасы Эмил Осмонбетов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, бул жылы жети айда 3 317 ирет өчкөн. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырып караганда, бул 348ге көп көрсөткүч.

Токтогулдагы абал: кышында электр кубатынан кыйналбайбызбы? Эксперттик пикир

"Авариялардын мындай көп болушунун негизги себеби — жабдуулардын эскириши жана аба ырайынын таасири", — деди Осмонбетов.

Cоңку абал жана маанилүү кабарларды биздин Telegram-каналдан окуңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0