Машина тебелеп кеткен Эдилдин эжеси: жок дегенде арабага отургузганга операция керек!

© AFP / JOHN MACDOUGALLКиши майыптар коляскасында. Архив
Киши майыптар коляскасында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сокулук районунун тургуну 33 жаштагы Эдилбек Маймылов ден соолугунан улам оор акыбалда. Ага экинчи жолу операция жасатуу керек. Антпесе өмүр бою төшөктө жатып калат.

Эдилбек 2019-жылдын аягында кырсыкка учураган. Жол жээгинде турганда катуу келе жаткан унаа учура сүзүп, үстүнөн тебелеп өтүп кеткен.

Sputnik Кыргызстан агенттигине Эдилбектин жакындары кайрылып, абалын айтып коомчулуктан жардам сурашкан. Бейтаптын эжеси Чынара Кашбаева менен кабарчыбыз чакан маек курду.

— Азыр Эдилбектин абалы кандай?

— Бир жылдан бери төшөктө. Басмак турсун отура да албайт. Белден ылдый эчтеке сезбейт. Авариядан кийин башынан жана белинен операция болгон. Башынан чоң жараат алды. Белине коюлган болттор да туура эмес кыймылдан улам бошоп кеткен экен. Анткени ооруканадан өзүнө келе албай кыйналып, жөөлүп, ары-бери кыймылдаптыр. Кырсык 2019-жылдын 4-декабрында болгон. Машина уруп кеткенден бери инимдин мүмкүнчүлүгү чектелип калды.

© Фото / Чынара КашбаеваСокулук районунун тургуну 33 жаштагы Эдилбек Маймылов бир жылдан бери төшөктө. Басмак турсун отура да албайт. Белден ылдый эчтеке сезбей калган
Машина тебелеп кеткен Эдилдин эжеси: жок дегенде арабага отургузганга операция керек! - Sputnik Кыргызстан
Сокулук районунун тургуну 33 жаштагы Эдилбек Маймылов бир жылдан бери төшөктө. Басмак турсун отура да албайт. Белден ылдый эчтеке сезбей калган

— Окуя кандайча болду эле?

— Эдилбек беш жыл Москвада иштеп, 2019-жылы күзүндө Сокулук районунун Биринчи май айылынан барак тибиндеги үй алып койгон. Кайра декабрдын башында үйдү өзүнө каттатуу үчүн Москвадан келип, ушул кырсыкка дуушар болуп жатат. Декабрдын төртүндө дос баласы каза болуп, анын тажиясына барышат. Келе жатып теңтушу менен көчөдө сүйлөшүп турган жеринен кырсыктаган. Машинанын айдоочусу жаш бала экен. Ал катуу айдап келе жатып, жол четинде турган инимди учура сүзүп, кайра үстүнөн тебелетип кеткен. Кырсык тууралуу угуп эле эртеси эртең менен ооруканага жетип бардык. Барсак айдоочунун туугандары туруптур. Алардан сурасак "иниңер өзү күнөөлүү экен, жолдун ортосуна чыга калыптыр" дегенде ишенип туруп калгам. Бирок кырсыктаган жердеги видеокамерадан кырсык кандайча болгонун көрдүк.

Вирус уулумдун мээсин жабыркатууда! 6 жашар Саидге жардам сураган ата-эне

— Алар жардам кылган жокпу?

— Биринчи операциясына кеткен 140 миң сомду толугу менен төлөп беришти. Андан кийин баланын туугандары "болду, колубуздан келгени ушул, мындан башка шартыбыз жок" деп айтышты. Сотко бергенбиз. Пандемиядан улам соттук отурумдун да мөөнөтү жылган.

© Фото / Чынара КашбаеваЭдилбек Маймыловдун эжеси Чынара Кашбаева: машинанын айдоочусу жаш бала экен. Ал катуу айдап келе жатып, жол четинде турган инимди учура сүзүп, кайра үстүнөн тебелетип кеткен
Машина тебелеп кеткен Эдилдин эжеси: жок дегенде арабага отургузганга операция керек! - Sputnik Кыргызстан
Эдилбек Маймыловдун эжеси Чынара Кашбаева: машинанын айдоочусу жаш бала экен. Ал катуу айдап келе жатып, жол четинде турган инимди учура сүзүп, кайра үстүнөн тебелетип кеткен

— Азыр элден эмне жардам керек болуп жатат?

— Көп дарыгерлерге алып бардым. Эдилбекти жок дегенде майыптардын арабасына отургузуш үчүн да кошумча операция керек экенин айтып жатышат. Аны Россиянын Бурденко атындагы Улуттук медициналык изилдөө борборунан жасатууга сүйлөшкөнбүз. Операциянын акысы үч миң доллар (АКШ) турат. Андан кийин 21 күн реабилитациядан өтүшү керек, ага күнүнө 300 доллар (АКШ) сарпталарын билдик. Экинчи кайталанган операция абдан жакшы кароону талап кылат. Болбосо бел омурткаларына коюлган болттор жакпай же ириңдеп кетиши мүмкүндүгүн айтышууда. Инимдин калыбына келиши үчүн шарт түзүп берүү да керек. Ал үчүн көп функциялуу керебет, атайын отургуч ж.б. жабдыктарга муктажпыз.

— Балдарыңыз жаш, өзүңүз иштесеңиз, анан иниңизди сизден башка карай турган киши жок экен. Абдан чарчасаңыз керек?

— Мен азыр үй-бүлөм менен иним алган үйгө көчүп келип, аны карап жатам. Балдарым жаш. Күнүмдүк оокат үчүн күндүз дүкөндө иштечүмүн. Иниме окуучу кызым каралашчу. Анын да күчү жетпей калып, айла жок жумуштан чыктым. Эми тамак-ашка каяктан акча табарыбызды билбейм. Жолдошум да ар кайсы жумушта иштейт. Кээде иш чыкпай калат. Азыр жуунуучу жай салып үйдө болуп жатат. Ишенесизби, бир тыным албайм. Үй оокат, тамак-аш, бала-бакырамдан тышкары көп убактым иниме кетет. Азыр ичи катып кыйналып жатат. Шаарга чыгып, жардам бере турган уюмдарды издештирип көрсөмбү дедим эле. Бизге баш-аягы 15 миң доллар керек болчу, азыр беш миң доллар чогулттук. Ушул иним жок дегенде арабага отуруп калса болот эле. Өзү да кыйналып кетти.

Көзүм көрбөй каларын билгем. Ишкерликке кадам таштаган Матлюба менен маек

© Фото / Эдилбек МаймыловЧынара Кашбаева: бизге баш-аягы 15 миң доллар керек болчу, азыр беш миң доллар чогулттук. Ушул иним жок дегенде арабага отуруп калса болот эле. Өзү да кыйналып кетти
Машина тебелеп кеткен Эдилдин эжеси: жок дегенде арабага отургузганга операция керек! - Sputnik Кыргызстан
Чынара Кашбаева: бизге баш-аягы 15 миң доллар керек болчу, азыр беш миң доллар чогулттук. Ушул иним жок дегенде арабага отуруп калса болот эле. Өзү да кыйналып кетти

— Жалгыз бир тууганыңызбы?

— Ооба, экөөбүз энелеш бир тууганбыз. Мен бешикте кезимде эле атам да жол кырсыгынан кайтыш болуптур. Анан апам экинчи атама турмушка чыгат. Бул иним беш жашка чыкканда апабыз, 13 жашка келгенде атасы көз жумду. Жетимчиликте чоңойдук. Жаңыдан үй алып, быйыл үйлөнөм деп турганда кырсыктап калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0