Мэрия: Бишкектеги карьердин түтөп, сасышына жол бергендер иштен алынды

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарынын мэриясы. Архив
Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дээрлик бир айдан бери калаанын 12-кичи район жана Көк-Жар айылдарынын ортосундагы быкшыган карьер өчүрүлбөй жаткан.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Бишкектин түштүк тарабындагы мурдагы карьердеги таштанды күйүп, түтүнү шаардыктарга ыңгайсыздык жаратканына жол бергендер иштен алынды. Бул туурасында мэрия билдирди.

Маалыматта кайсы кызматтын жетекчиси иштен алынганы айтылган эмес.

Эске салсак, дээрлик бир айдан бери калаанын 12-кичи район жана Көк-Жар айылдарынын ортосундагы быкшыган карьер өчүрүлбөй жаткан. Күйүктүн жыты шаардын түштүк тарабын каптаган.

Мэрия мунун негизги себеби катары шаардыктар өндүрүштөн чыккан таштандыларды 10-15 жылдан бери таштап келгенинен көрөт.

"Биз түтүндүн очогун табуу үчүн тонналаган таштандынын астын каздык. Азыр карьерге кирген жол жабылып, машиналар кире албай турган кылып чекелери казылууда. Мындайга жол берген тараптардын баары иштен алынды. Кызматтык иликтөө жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Бир айдан бери түтөп жатат! Бишкекте карьердеги өрт кантип өчүрүлүүдө. Видео

Шаар бийлиги учурда кырдаал көзөмөлдө экенин белгиледи. Түтүн токтоп, жагымсыз жыт чыкпай калганын айтышты. Октябрь райондук акимиаттын, ӨКМдин райондук башкармалыгынын жана "Тазалыктын" кызматкерлери нөөмөттө турат. Атайын техника жана бульдозерлер тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0